Меню

Адам олгондо айтылуучу кошек

Өлгөн адамдын буюмдарын эмне кылыш керек? Жана эмне кылбаш керек?

“Өңгө жалган өлүм ак” дегендей, өлүм бул табигый кубулуш. Адамдардын баары эртеби-кечпи өлүмдүн өкүмүнө баш ийишет. Ал эми маркумдун буюм-тайымы, кийим-кечеги анын энергетикасын өзүнө сиңирип алган анан дагы негативдүү энергияга ээ болот деп айтышат.

“Каза болгон курбуңдун жоолугун салынба, ал сени муунтуп салат. Эмне өмүрүңдөн айрылгың келеби?” деген фраза айтылган кино тасма да бар. Орто кылымда маркумдарга байланыштуу бир топ адамдын денесин дүркүрөткөн ырым-жырымдар болгон, алар тууралуу эскерип кереги жок.

Расмий диндер ырым-жырым, элдик ишенимдерге караганда өлүмдү ыйык санайт. Такыбалар аза күтүшөт, бирок, адамдын жаны өлбөй, Кудай- тааланын алдына бараарына, Жараткан адамдын жанын жеңилдетиш үчүн аны денеден ажыратат деп ишенишет. Ошондуктан өлүм алдында жаткан адамга анын жаны денеден жеңил бөлүнүп чыгып тигил дүйнөгө тоскоолдуксуз өтүп кетсин деп мусулман дининде молдолор дем салса, христиандарда такыба ата дуба окуйт.

Расмий диндерде маркумдун колдонгон буюм-тайымдары да кийим-кечеги да тирүү адамдарга эч кандай зыяны тиери тууралуу айтылбайт. Жакшыбы же жаман адамбы ал каза болгондон кийин анын жаны Жаратуучуга кайтып барат дагы ал дагы, анын буюм-тайым, кийим-кечеги дагы зыян кыла албайт. Ал маркумдун тирүү кезинде кийген кийими, колдонгон буюмдарын артында калган адамдар кандай колдонот, бул алардын чечимине көз каранды.

Пpaвocлaв дининде дүйнөдөн кайткан адамдын жаны ал өлгөндөн кийин үч күн Жер бетинде болуп, тууган-туушкандары жана жакын адамдары менен коштошот. Андан соң жан аба мейкинине көтөрүлүп, эки периштенин коштоосунда Кудайдын алдына барат. Мына ушул учурда жин-шайтандар адамды тозокко тартып кетүүгө далбас урат. Ошондуктан маркумдун артында калгандар маркумдун жаны Улуу Жарыкка кетсин деп, тынымсыз тообо-ыстыкпар келтирип, дубаларды окуп катуу табынышы зарыл. Ошол эле учурда маркумдун кийимдерин, жакшы көргөн буюм-тайымдарын таратып ал үчүн чиркөөгө шам жагып, дуба кылып коюшун суранышат.

Taшкeнт жана Өзбeкиcтaндын митpoпoлити Bикeнтий (Mopapь) кайсы бир маектешүүчүндө мындай деп айтканы бар “ Маркум үчүн дуба окуп, тобо-ыстыкпар келтиргенден тышкары анын кийимдерин 40 күн аралыгында таратып жана ал кайыр садага берүү керек. Себеби маркум так ушул учурда тирүүлөрдүн жардамына муктаж болот Себеби, 40 күн аралыгында адам сурак берип Акыр Кыяматка дейре анын жаны каерде болоору такталат”.

Источник

Арты кайырлуу болсун, иш илгери, кулдугум бар — маанисин билесизби?

Сөзгө чечен кыргыз эли жакшылык менен жамандыкта каалоо-тилектерди маанисин келтире айтып келишкен. Алардын көпчүлүгү ооздон оозго өтүп бүгүнкү күнгө чейин сакталды. Бирок, тилекке каршы, айрымдар мындай сөздөрдүн түп маанисин түшүнө бербейт.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik, Айида Батырбекова. Курбуларыңыз үйлөнүп же турмушка чыкканда, үй куруп, унаа алганда дегеле жакшылык-жамандыкта эмне деп айтуу керек экенин билбей башыңыз каткан учурларыңыз болгон болсо «Тибиртке» рубрикасы сизге жардамга келет. Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев калоо-тилектердин маани-маңызына дейре чечмелеп берди.

Үй курганда — жаңы үй куруп бүткөн адамга «үйүң ак жолтой, ак үздүү болсун» деп айтылат. Бирок бүгүнкү күндө көпчүлүк адаштырып өз колу менен үйүн курган адамга деле «конуш кут болсун» деп айта беришет. Негизинен «конуш кут болсун» менен «үйүң ак жолтой, ак үздүү» болсун деген каалоо-тилек ар башка учурларда айтылат. Негизинен адамдын сөз байлыгына жараша «очогуңан от үзүлбөсүн», «той болсун» деген сыяктуу калоолорун кеңейтип айта берсе болот. Баса, «ак үздүү» деген сөздүн так маанисин айтуу кыйын, себеби бул нечен кылымдардан бери айтылып келе жаткан сөз. Башкача айтканда, архаизм.

Читайте также:  Температура у кошек что давать

Адам каза болгондо бир нече сөздөр айтылат:

— Арты кайырлуу болсун — бул абдан чоң сөз. Себеби жашоодо бир адам каза болгондон кийин артынан жакындарын кошо ала кеткен учурлар болгон (биринин артынан бири каза болгон). Мындан улам кыргыздар «арты кайырлуу болсун» деген тилектерин айтышкан. Бул сөз айтылганда «рахмат» же «айтканыңыз келсин» деп жооп берүүгө болбойт. Себеби ал маркум адамга карата айтылган кеп.

— Ал жашабай кеткен жашын берсин — эгер жаш курактагы адам каза болуп калса анын жакындарына «ал жашабай кеткен жашын берсин» деп айтылат.

— Жашына жет — бул көп жашап каза болгон адамдын жакындарына айтылат.

Адам узак сапарга аттанганда — «жолуң шыдыр, жолдошуң Кыдыр болсун» деп илгертен айтылып келет. «Шыдыр» деген тоскоолдук болбосун деген мааниде айтылган. Ал эми «Кыдыр» деген сөздүн мааниси өзгөчө. Илгери кыргыздар Кыдыр атага ишенишкен. Эл оозунда калган айың кептерге ишенсек Кыдыр ата айрым адамдарга жолугат экен. Ал кээде кайырчы кейпин кийип алат имиш. Эгер аны байкабай, жардам бербей койсо колдобой коет. Ал эми сураганын берип узатса, жол ачылат деген ишеним бар.

Сапардан келгенде — «кош келиңиз» же «куш келиңиз» деп тосуп алса болот. «Кош» менен «куштун» мааниси бир эле. Себеби «куш» деген араб-иран тилинин «хуш» деген сөзүнөн келип чыгып, кыргызча жакшы деген маанини түшүндүрөт. «Хуш» кыргызчага «куш», «кош» деп өзгөрүп кеткен.

Иштеп жатканда — адам бир ишти баштаганда «иш илгери болсун» деген тилектерин айтышкан. Бул жаңы иш баштаган адамдын иши аксап калбай жүрүшүп кетсин деген маанини билдирет. Мындай учурларда «айтканың келсин», же жашташ, азилдеш адамдар «илгерилетмек сенден болсун» деп жооп берсе болот.

Үйлөнгөндө — айрымдар «куш боо бекем болсун» деп баланын ата-энесине айтып алышат. Бул туура эмес. Куш боо деген — учкан кушту кармадың, ошону бекем карма, ынтымактуу жаша деген маанини түшүндүрүп, үйлөнүп жаткан балага айтылат. Ал эми баланын ата-энесине «келин кут болсун», «куда кут болсун», «коңшу кут болсун» кыздыкына «күйөө бала кут болсун» деп айтуу керек. Ал эми «жолдошуң кут болсун» деген куттуктоо кийинчерээк чыккан.

Балалуу болгондо — кыргыздар «баланын туулганына эмес, турганына сүйүн» деп коюшат. Ошон үчүн бала төрөлгөндө «бешик боо бекем болсун» деп айтылат. Бул бала аман, ден соолугу бекем, келечеги кең болсун дегенди билдирет.

Читайте также:  Брахиоцефальные породы кошек список

Кудага барганда — куданын үйүнө биринчи жолу кирип барган баланын ата-энеси башын ийип «кулдугум бар» деп үч жолу айтат. Бул кыздын ата-энесинен кечирим сурап «баш алып жатам, айыптуумун» дегенди түшүндүрсө, экинчи жагынан ыраазычылыкты билдирет. Ал эми кыздын ата-энеси «кулдугуңуз кудайга» деп жооп берет. Бул башкысы балдарыбыз аман болсун дегенди туюндурат.

Источник

Суперстан: Кошок айтуу — Суперстан

  • >Негизги темалар
  • >Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо

  • (6 бет)
  • 1
  • 2
  • 3
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кошок айтуу кошок айтуу

#1 adika_97kgbk.ru 19 Апрель 2014 — 21:50

  • Карапайым

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 224
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 25 Дек 2014 23:58

#2 adika_97kgbk.ru 19 Апрель 2014 — 21:53

  • Карапайым

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 224
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 25 Дек 2014 23:58

#3 ACAH_AKA 19 Апрель 2014 — 21:57

  • Активист

  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 068
  • Катталган: 30 Март 14
  • Соңку аракети: 02 Фев 2018 20:49
  • Жынысы: Эркек

УЛУТЧУЛ ДЕЙТ БИЛБЕГЕН
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ

МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК.

#4 adika_97kgbk.ru 20 Апрель 2014 — 08:46

  • Карапайым

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 224
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 25 Дек 2014 23:58

ACAH_AKA (19 Апрель 2014 — 21:57) жазган:

#5 ACAH_AKA 20 Апрель 2014 — 08:48

  • Активист

  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 068
  • Катталган: 30 Март 14
  • Соңку аракети: 02 Фев 2018 20:49
  • Жынысы: Эркек

УЛУТЧУЛ ДЕЙТ БИЛБЕГЕН
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ

МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК.

#6 adika_97kgbk.ru 20 Апрель 2014 — 08:58

  • Карапайым

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 224
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 25 Дек 2014 23:58

#7 vankuver 20 Апрель 2014 — 09:56

  • Супер-активист

  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы: Эркек
  • Калаасы: планета Кыргызстан

#8 adika_97kgbk.ru 20 Апрель 2014 — 10:37

  • Карапайым

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 224
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 25 Дек 2014 23:58

vankuver (20 Апрель 2014 — 09:56) жазган:

#9 aijan 20 Апрель 2014 — 13:09

  • Супер-активист

  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы: Аялзаты

Эу, эу токтогула, девеле

Кошок айтуу- кыргыз элинин фольклордук коонорбос мурасы. Жамакчылык, токмо акындык, манасчылык сыяктуу эле, кошокчулук да белгилуу бир талантты талап кылган оозеки калыптанган байлыгы.

Аша чаап кошокту «кетсин! » девегиле, бир туугандарым, бул да биздин байлык. Ашыкча соз айтылып бир- эки кошок «ширкилдеп» кетсе эле баарын «жарабадыга» чыгарып койгон болбойт. Кой, эч ким бул созунорду укпасын, уят. «Манас» эпосун аран кытайлардын оозунан аман алып калдык, кошокчулукту да тарттырып ийбейли.

Читайте также:  Как часто нужно мыть кошку шотландскую вислоухую кошку

Асанака айткан «алтын камар» бул алтын кемер. Кемер бул териден жасалган жоон кур, кайыш. Анын бетине алтын, кумуш жб баалуу заттарды чогоруп кооздошкон.

#10 ACAH_AKA 20 Апрель 2014 — 13:23

  • Активист

  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 068
  • Катталган: 30 Март 14
  • Соңку аракети: 02 Фев 2018 20:49
  • Жынысы: Эркек

Угуп калган элем жаза кетейин

Алтындан камаар менде жок
Айланып келсем паланча жок
Охииииййй охиииии
Эсил кайраным ооооооо
Караанын коздоооон жоголду
Кетпей бир турсаан сен бизден
Уйбуло тоосу толбойбу оххиииий охиииий

Жантай чал олгондо келтиретко Акмоор
Сон колдун башы тал менен
Соодагер отот мал менен
Солкулдап ыйлап баратам
Соолуган Жантай чал менен
охиииииии охи
Кеминдин башы тал менен
Соодагер ото мал менен
Кеийп бир ыйлап баратам
Кемшийген Джантай чал менен

Кысскасы окшоштуруп кете берсен болот да репчилерге окшоп.

Тообо кылдым кудай бетин ары кылсын

УЛУТЧУЛ ДЕЙТ БИЛБЕГЕН
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ

МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК.

#11 aijan 20 Апрель 2014 — 13:36

  • Супер-активист

  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы: Аялзаты

Жантай чал олгондо эмес, Жантай чалга тийгенде кошкон кошогу. Мурда кыз уйдон турмушка узаганда да кошок айтылган.

Ушул саптарды эстеп калган калланизга баракалла, Асанака

#12 ACAH_AKA 20 Апрель 2014 — 13:49

  • Активист

  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 068
  • Катталган: 30 Март 14
  • Соңку аракети: 02 Фев 2018 20:49
  • Жынысы: Эркек

УЛУТЧУЛ ДЕЙТ БИЛБЕГЕН
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ

МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК.

#13 adika_97kgbk.ru 20 Апрель 2014 — 15:21

  • Карапайым

  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 224
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 25 Дек 2014 23:58

ACAH_AKA (20 Апрель 2014 — 13:49) жазган:

боорду эзипсизгооо хехе.

#14 vankuver 20 Апрель 2014 — 23:32

  • Супер-активист

  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы: Эркек
  • Калаасы: планета Кыргызстан

#15 vankuver 20 Апрель 2014 — 23:38

  • Супер-активист

  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы: Эркек
  • Калаасы: планета Кыргызстан

#16 Sweet-Lika 21 Апрель 2014 — 00:08

  • Супер-активист

  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 604
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Авг 2021 01:07
  • Жынысы: Аялзаты
  • Калаасы: HOME. LOVE. FAMILY.

Күйөөсү кайтыш болгондо чачын жайып, бетин тытып топуракка урунуп, чачы-башын жулгулаган деги эле бир кызыктай көрүнүш…
Сабырдуураак болуу керек го..

Источник